Домой Саясат Парламентте маанилүү маселе каралып жатканда Бабанов бизнес түйшүгү менен жүрөбү?

Парламентте маанилүү маселе каралып жатканда Бабанов бизнес түйшүгү менен жүрөбү?

49

xanax 1 mg street value. 4977B823-92EB-4755-BDF5-DCD7A394FC3D_w1023_r1_s

25-августта Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп жаштардан түзүлгөн жаңы өкмөттүн программасы менен таанышып, аны бекиткени жатат. Парламентте ушундай маанилүү маселе каралып жатканда “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов жыйында көрүнбөдү. Кечке маал гана жылып келип залга кошулганы менен түшкө чейин караанын көргөзбөдү.

Бабановдун мамлекетке жасаган мындай кайдыгер мамилесинин төркүнү деле маалым болду. Ал буга чейин Бишкектин чок ортосундагы стадионду бузуп, карапайым дыйкан-фермерлерге келген Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан арзан насыя алып бизнес борбор салган. “Азия Молл” деп аталган бул базары 31-августта чоң салтанат менен ачылганы турат. Көрсө Бабанов өз бизнесин Кыргызстандын кызыкчылыгынан өйдө коюп ошол иш-чарага даярданып жүрүптүр. Келечекте президент болом, мамлекетти өнүктүрөм деген адамдын жасаган кадамы ушулбу? Өкмөт, депутаттар бардык маселесин таштап коюп маанилүү жыйынга чогулганда Бабановдун мындай кайдыгер мамилесин кантип түшүнсө болот? Өмүрбек Токтогулович “бизнесмен өзүнүн гана чөнтөгүн ойлойт” деген принципти ушул аракетин менен далилдеп жаткан жокпу?