Кытайдын Жогорку Соту менен Жогорку элдик прокуратурасы канча акча пара алганда өлүм жазасына тартылары жөнүндөгү маселени карап, мындан ары 460 миң доллардан ашык пара алгандар өлүм жазасына тартылышы керек деп чечим чыгарышты. Кийинки убакта Кытайда пара алган жогорку деңгээлдеги чиновниктер көбөйүп кеткен.
Кийинки жылдары өлүм жазасына тартылгандар көбөйүп кетти деп кайсы бир укук коргоочу Amnesty International деген уюм билдириптир. Биринчи орунда Кытай, анан Иран менен Пакистан турат экен. Биз деле ушул тизмени улантсак болбойт беле…