Домой Коом Пандемиядагы мыйзам бузуу: 1,5 сомдук буюмду 150 сомго сатып алышкан

Пандемиядагы мыйзам бузуу: 1,5 сомдук буюмду 150 сомго сатып алышкан

86

Башкы прокуратура Саламаттыкты сактоо министрлигинде жеке коргоочу каражаттарды сатып алууда бир катар мыйзам бузуулар болгонун аныктады. Бул маалыматты ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 6-майында Ооруларды алдын алуу жана санитардык көзөмөл департаментинин комиссиясы негизсиз түрдө мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамды бузуу менен жеке коргоочу каражаттар — комбинезон, бахила жана медициналык кол каптарды жогорулатылган баада сатып алууга байланышкан келишим түзүшкөн. Мындан тышкары «Ф» ЖЧК жеткирген 101 миң 300 даана кол кап техникалык талаптарга жооп берген эмес.

Андан тышкары келишимде 1,5 сомдук 150 000 жуп бахила жеткириле турган болсо, «Ф» ЧЖК 1 500 жуп бахиланы 150 сомдон жеткирген. Мыйзам бузуулардын кесепетинен мамлекеттин бюджетине жалпы 5 млн 175 миң 200 сом зыян келтирилген. Бул факт боюнча Жазык кодексинин 320-322-беренелери менен тергөө жүрүп жатат.

Ал учурда саламаттыкты сактоо министри болуп Сабиржан Абдикаримов, ал эми департаменттин директору болуп Абдыкадыр Жороев эмгектенген.