Домой Коом Пандемияда каза болгон дарыгерлердин сейил багы деп аталса туура болот

Пандемияда каза болгон дарыгерлердин сейил багы деп аталса туура болот

28

Бишкек шаарынын түштүк тарабында жаңы сейил багы пайда болот. Сооронбай Жээнбеков 11-августта, ал жаӊы сейил багына барганда коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө баа жеткис салым кошкон дарыгерлердин жана ыктыярчылардын элесине арнап, ага Адинай Мырзабекованын атын ыйгарууну сунуштады.

Бирок анын бул сунушу коомчулукта бир кылка кабыл алынган жок. Көпчүлүк  жаӊы ачылган сейил багына жалгыз гана Адинай Мырзабекованын ысымын бербестен, пандемия учурунда элди сактайм деп көзү өтүп кеткен жалпы медицина кызматкерлердин атын берсе жакшы болмок деп эсептеп жатышат.  Бүгүнкү күндө март айынан бери каза болгон медицина кызматкерлеринин саны 75тей. Арасында медицинага опол тоодой кызмат кылгандары да аз эмес. Алар да эскерилип турушу зарыл. Аларга таазим кылышыбыз керек!

Андыктан «Дарыгерлер сейил багы» деп эле атап койсо талапка ылайык болот эле. Жалпы кыргыз медицина кызматкерлери да ыраазы болушмак. Ушул жагын бир ойлонуп көргүлөчү, оу бийликтин билермандары…

Булак: Багыт