Домой Пайдалуу кеңеш Пайдалуу кеңеш: майда, бирок пайдалуу

Пайдалуу кеңеш: майда, бирок пайдалуу

1063

айнек идиштер

* Картошка тазалагандан улам кол карарып кетет. Мындай болбошу үчүн тазалардын алдында колго уксус сүртүп, кургатып алат жана картошканы тазалап бүтөр замат колду самындап жууп, бетмай сүйкөп коёт.

 

* Айнек идиштердин баарын атайын каражаттардын жардамысыз эле жууганга болот. Ал үчүн жылуу сууга бир аз уксус же ири туз кошуп коюш керек. Айнек идиш жаркырап, өңүнө чыгат.

 

* Мискейде тамак күйүп кеткен болсо, ага муздак суу куюп, туздан сээп коёт. Бир нече сааттан кийин тамактын калдыктарын тазалоого мүмкүн.

 

* Унда курт пайда болбошу үчүн ал сакталган капка сарымсактын сыртын тазалабай туруп салып коёт.

 

* Бычак, кайчы ж.б. нерселерди оңой курчутуш үчүн аларды туз кошулган сууга жарым саатка салып, аарчыбастан курчутуш керек.

 

* Жаңы айнек стакандарды адегенде муздак суу куюлган идишке салып, акырындык менен кайнатып, кайра ошол эле сууда  муздатып алса көпкө чейин бышык бойдон кызмат кылат.

 

* Газ плитасындагы майлуу тактарга туздан сээп коюп, андан кийин жууса оңой жуулат. Ашканада жагымсыз жыт пайда болсо көмөч казанга бир аз уксустан куюп, ал бууланып кеткиче отто кармайт.

 

* Чай ичкен чашканын түбү карарып кеткенде аны ашкана уксусу менен же туз менен сүргүлөсө жалтырап тазаланат.

 

* Бычак, айры, кашыктардын датын кетирүү үчүн чийки пиязды колдонсо болот.

 

* Түбү карарып кеткен мискейлер менен чайнектерге алма менен алмуруттун кабыгын салып кайнатса, жалтырап тазаланат.

 

* Фарфор идишти нашатырь спирти кошулган муздак суу менен жууйт.

 

* Хрусталь идишти кайнак сууда жуубаш керек, анткенде ал бозоруп жана майда жаракалар пайда болот.

 

* Жарака кеткен жумурткаларды туз кошулган сууда бышырса, бүтүн бойдон бышат.

 

* Балыктын кабырчыгы оңой аарчылсын десеңиз, аны тазалардын алдында кайнак сууга бир нече секундага салып алуу керек.