Домой Пайдалуу кеңеш Пайдалуу кеңеш: Күндү суу ичүү менен башта

Пайдалуу кеңеш: Күндү суу ичүү менен башта

1796

таза суу

Бүгүнкү күндө Японияда эрте менен турар замат ач карын ашказанга суу ичүү адатка айланды. Мунун адам организмине пайдасы бардыгы илимий жактан да далилденди. Бул адат төмөнкү ооруларды дарысыз айыктырат: Баш оору, муундардагы сыздатуу, жүрөктүн оорусу, артрит, жүрөктүн ылдам согушу, эпилепсия, ашыкча салмак, бронхиалдык астма, менингит, бөйрөк оорулары, көңүл айлануу, гастрит, диарея, геморрой, диабет, ич катуу, көз, жатын, кулак-мурун, тамак оорулары жана рак. Эрте менен турган соң 4 стакан же 160 мл. суу ичүү керек, (тишти тазалаганга чейин). Андан соң тишти жууп, 45 мүнөткө чейин эчтеке жебеш керек. 45 мүнөттөн кийин тамактанууга болот. Эрте мененки тамактан, түштөнүүдөн же кечки тамактан кийинки 2 саат аралыгында эчтеме жебеш, ичпеш керек. Кары-картаң же оорулуу адамдар 4 стакан суу иче албаса, аз-аздан баштаган туура. Суу терапиясы менен дарылоо жогорку кан басымды 30 күн, гастритти 10, диабетти 30, ич катууну 10, ракты 180 күн ичинде айыктыра алат. Эрте менен суу ичүүнү адатка айландырсаңыз, сизге эч бир оору жолобойт. Орто Азия менен Кытайда тамакты ысык чай менен ичишет. Бул туура адат экендигин окумуштуулар моюнга алышты. Тамактын артынан ичилген муздак суу анын сиңим- дүүлүгүн начарлатат, ичке кирген майларды тоңдурат. Бул болсо өз кезегинде рак оорусуна чалдыгуу мүмкүндүгүн он эсеге көбөйтөт. Жүрөк ооруганда адамдын көкүрөк тушу гана оорубастыгын эске алыңыз. Үстүңкү же астыңкы жаактын оорусу, көңүл айлануу жана көп тердөө дагы жүрөк оорусунан кабар берет. Жүрөк талмасы башынан өткөн адамдардын 60 пайызы аны уктап жатканда сезип, ойгонушкан. Көкүрөк туштагы оору адамды уктап жатканда эрксизден түшүркөп кыйкырууга мажбурлайт. Бул дагы жүрөк оорусунун башталышындагы алгачкы белги болуп саналат.