Көз ооруларын алдын алуу
Көзгө зыяндуу нерселер: Көп жеш, көп суу ичүү, тузду көп колдонуу жана табигый эмес туздуу нерселер, өтө ачкыл азыктар, пияз, чеснок, кара мурч, уксус, ашказан же ичегилерде газ пайда кылуучу таттуу азыктарды пайдалануу, жатар алдында тоюп алуу, жыныстык мамиледе көп болуу, чалкасынан жатып уктоо, уйкунун аздыгы, кыйкырып катуу ыйлоо, мончого көп түшүү, тез-тез кан алдыруу, майда тамгалуу китептерди окуу.
Көз үчүн пайдалуу: Тамак-ашты аз колдонуу, көп ыйлоо, жылмайып жүрүү, башты зайтун (оливка) майы менен майлаш, мурунга зайтун, бадам, лавр майларын тамызуу, мээ, боор, бөйрөк, канды тазалоо, жакшы мүнөздө болуу, таза дарыя же көл жээгинде олтуруу. Көз кан тамырларына туздун топтолушу, көз кан тамырларына уюп калган кандын туруп калышы, көздөн жаш агышы, көздөгү катарактанын башталышы жана көздөгү кан басымдын белгиси.
Көщдү дарылоо
Фенхел жапайы өсүмдүк суусу көзгө тамызылат. Кереметтүү көздү жандандырат. Мээ, ашказан, ичегилер, боор, өт, бөйрөк тазаланат. 1-2 чай кашык же арпа, буудай уругу 150 гр. кайнаган сууга аралаштырылып, 15 мүнөт демделип, сузулуп муздагандан соң көз ваннасы үчүн керектелет. Бир жумада 1-2 жолу көзгө 1-3 тамчы лавр, зайтун же ромашка майларын тамызуу көз ооруларына пайда берет жана көздү оорудан сактайт. Көзгө 1 күндө 1-2-3 жолу 1 же 3 тамчы лимон суусу тамызылат. Дарылоо 8-10 жумага созулат. Көздү тазалайт, тузду кетирет, көз ысыгын түшүрөт, көздү жандандырат. Көздүн калтасына 1 тамчы таза бал куюу көзгө эң жакшы пайда берет. Петрушка, ромашка же көк чай демдеп, көзгө компресс жасалат. Андан кийин тамчы таза бал же жаңы 1 тамчы лимон суусу тамызылат. Пияз же чеснок суусуна таза бал аралаштырып, эртең менен, кечинде 1 тамчыдан тамызылат. Ар күнү эртең менен 2 чыкыйга сейдене майы сүртүлөт. Андан кийин 2-3 жолу сабиз суусуна 7-10 тамчы сейдене майын кошуп ичет. Зафаран /шафран/ суусун ичүү көздү кубаттандырат. Бир тутам зафаранды 200 гр. суу менен аралаштырып, бир күн тунугандан кийин марлиде сүзүп даярдалат. Көзгө эне сүтү же жаңы саалган уйдун сүтүн тамызуу керек. Лоя (буурчак) унунан камыр жууруп, көздүн сурмасына койсо да көз үчүн абдан пайдалуу.
Ашыкча салмак азабы
Ашыкча салмак психологиялык гана көйгөй жаратат деп ойлоо туура эмес. Ал бир топ физиологиялык да маселелерди пайда кылып, коркунучтуу оорулардын себеби болуп чыгышы ыктымал. Белгилүү болгондой, толуп кетүү ички органдардын баарына таасирин тийгизет. Айрыкча, ашыкча салмак жүрөк-кан тамыр курамына олуттуу зыян алып келет. Жүрөк булчуңдарын жана кан тамырларды май басканда жүрөктүн иштөөсү да кыйындайт. Толук адамдар кан тамырдын жогору болушу же гипертония, атеросклероз оорусуна чалдыгышып, жүрөктүн кагышы начарлап, анын ишемикалык оорусу өнүгө баштайт. Бул жүрүп олтуруп өнөкөт жүрөк-кан тамыр оорусуна алып келет. Кан тамырлардын солгун же кыйынчылык менен иштешинен улам өпкөнүн сезгенүү оорусу келип чыгышы ыктымал. Себеби, өпкөгө абанын келиши да кыйындай баштайт. Ошону менен бирге ашказан-ичеги жолдорунда да көйгөйлөр жаралат. Өнөкөт гастрит, өнөкөт холецистит, ичегинин түйүлүп оорушу ж.б. оорулар келип чыгат. Кандын бат жылбай туруп калышы жана май топтому боордун чоңоюшуна алып келет. Өттүн иштөөсү да бузулат. Заара чыгаруу жолдору сезгенип, бөйрөк да толук кандуу иштей албайт. Нерв системасын карачу болсок, толук адамдын бат-баттан башы ооруп же уйкусу келет. Же тескерисинче, уйку качып, эс-акылы начарлайт. Мунун баары баш мээси кан менен толук камсыз болбогондуктун натыйжасы. Ашыкча салмактан арылуу менен гана жогорудагы жагымсыз жана ден соолукту талкалоочу көрүнүштөрдөн арылууга болот.
Аида Мусаева