Домой Ден-соолук Пайдалуу кеңеш: Алоэ гүлү миңдин бири

Пайдалуу кеңеш: Алоэ гүлү миңдин бири

7546

Алоэ Вера

Учурда кант оорусу дүйнөдө эң көп таркаган оору жана аны менен миллиондогон адамдар оорушат. Мына ушул жанды кыйнаган ооруга кадимки алоэ гүлү шыпаа болот. Анын кандагы канттын өлчөмүн төмөндөтө ала турган касиети бар.

Алоэ – баарыбызга бала күнүбүздөн тааныш өсүмдүк. Ал ден соолукту чыңдоодо жакшы жардам берип, сулуулук үчүн да колдонулат.

Дээрлик көпчүлүгүбүздүн үйүбүздө кездешкен бул бөлмө өсүмдүгүн өстүрүү жана карап-багуу көп түйшүктү талап кылбайт.

Алоэ гүлүн кант оорусунда колдонуунун тамыры бир кылымга гана созулбайт. Бүгүнкү күндө адистер алоэ чындап эле бул ооруга миңдин бири экенин далилдеген изилдөөлөрдү жүргүзүшүүдө.

Белгилүү болгондой, кант оорусу эки түргө бөлүнөт жана ар бири ар башка дарылоону талап кылат. Бул жерде белгилеп кетүүчү нерсе, алоэ гүлү кант оорусунун 2-түрү менен жабыркагандар үчүн пайдалуу. Бул оорулууну инсулин ийнесин сайынуу зарылдыгынан куткарууга жардам берет.

 

Кант оорусунун түрлөрү:

1-түрдөгү кант оорусу: бул учурда адамдын организми инсулин бөлүп чыгара албайт, мындан улам адам инсулин затын тыштан алып турууга мажбур болот.

2-түрдөгү кант оорусу: бул оору көбүнчө чоң адамдарда кездешет. Бул учурда адамдын организми инсулинди бөлүп чыгарганы менен аны тиешелүү түрдө колдоно албай калат.

Жогоруда айтканыбыздай, алоэ гүлү кант оорусунун 2-түрүндө жардам берет жана кандагы канттын өлчөмүн төмөндөтө алат. Дарылоо жакшы жардамын бериши үчүн алоэни канткенде туура пайдаланууну билишибиз керек. Күн санап канттагы глюкозасынын өлчөмү нормадан ашыкча адамдар көбөйүп жаткан биздин күндөрдө алоэ гүлүнүн пайдалуу касиеттерин билип коюу ашыкчалык кылбайт.

 

Алоэ гүлүнүн кант оорусунда тийгизген пайдасы:

  • Алоэ кандагы канттын өлчөмүн табигый жол менен азайтат. Бул гүлдүн ширеси кандагы глюкоза менен биргеликте кант оорусунан жабыркаган адамдын абалынын оңолушуна жардам берет.
  • Алоэнин ширесин такай пайдалануу бөйрөктөр менен жоон ичегинин иштешин жакшыртат. Кант оорусунда дал ушул эки орган көп жабыркайт.
  • Алоэ ширесин такай пайдаланган адам медициналык дары-дармек колдонбой туруп, оорунун күчөшүнүн алдын алат.
  • Алоэ гүлүнүн ширесинин эки өлчөмүн (5-15 мл) күн сайын кабыл алуу кандагы канттын өлчөмүн бир кыйла азайтат.
  • Алоэ гүлүндө кандагы канттын деңгээлин азайтуучу жана жөнгө салып туруучу глюкоманнан жана антрахинон заттары кездешет.
  • Алоэнин ширесин эки ай колдонуу менен кандагы канттын деңгээлин 50 пайызга азайтууга мүмкүн.
  • Бул өсүмдүктүн ширеси адамдын организмин андагы топтолгон керексиз заттардан арылтууга жөндөмдүү. Бул болсо кант оорусунда абдан маанилүү.
  • Кант оорусунан тышкары дагы алоэнин ширеси кант оорусу чакырган дагы башка ооруларда, мисалы теридеги жараларда, инфекция алууда жардам берет. Алоэ ширеси сезгенүүдө да мыкты дарыгер.
  • Алоэ ширеси – табигый каражат. Андыктан аны кант оорусунда колдонуунун эч кандай зыяны жок.
  • Кант оорусунда алоэ гүлүнүн ширесинен күн сайын бир чай кашык ичип туруу сунушталат. Улам убакыттын өтүшү менен күнүнө бир эмес, үч чай кашыктан кабыл алууга өтүү керек.
  • Үй шартында ар кандай оорунун алдын алуу үчүн алоэ гүлүнүн ширесин коктейль катары колдонуу жакшы натыйжасын берет.