Домой Саясат Өзүнүн адвокатына тийип, түрмөдөн бакыт тапкан аял

Өзүнүн адвокатына тийип, түрмөдөн бакыт тапкан аял

456

Раушан Качиева жана Икрамидин Айткулов

Далай айла-амалдардын ээси, бир ирет 9 жылга кесилген атагы бар Роза-Раушан Качиева дегениң Рыкунова деген фамилиясын өзгөртүп, өзүнүн адвокаты Икрамидин Айткулов дегенге тийип алыптыр. Айткулов ар дайым акчалуулардын адвокаты болуп атагы чыкса, Качиеванын “атагы” да кыргыз кыйырына кеткен. Анын айтымында көптөн бери издеген бакытын Айткуловдон тааптыр. А балким, анын чөнтөгүнөн тапкан болбосун деп айткандар да бар. Экөө Борбордук мечитке барып нике кыйдырыптыр.