side effects of accutane years later.
Ири суммадагы коррупцияга шектелип, сот жоопкерчилигине тартылып жаткан «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен аталган партиянын мүчөсү Дүйшѳн Чотоновдун ар бир соттук отуруму «кызыктуу» уланып келет. Адегенде «биз иштин документтери менен толук тааныша элекпиз, убакыт бергиле» деп Текебаев жана анын адвокаттары сотту создуктурушса, кийинчерээк улам бир шылтоо таап сот ишин атайылап созуп келишкен. Акырында айлалары кеткенде адвокаттарынын бири «ооруп» калганына байланыштуу сот процесси кийинкиге жылдырылган.
Эми болсо 25-июлдагы сот отурумунда Текебаевдин адвокаттарынын бири И. Афиджанов «Ө. Текебаев эртең 26-июлда КР президенттигине талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестке катышуусу керек. Текебаев бүгүнкү күндө соттолгон адам эмес. Андыктан биз ал тест тапшырышы үчүн убактылуу ID-паспортун берип турууну сураныбыз», — деп кайрылды.
Ал эми Текебаев өзү: «Кыргызстан таза шайлоолор менен сыймыктанса болот. Бул биздин улуттук идеологиябыздын бир бөлүгү. Бул жолу да биз таза шайлоо өткөрүшүбүз керек. Мен президенттикке реалдуу талапкермин, алдыдагы шайлоодо атаандаштык түзө алам», — деп төшүн каккылады.
Бирок, сот ко төрагалык кылуучу адвокаттын бул өтүнүчүн канааттандырган жок. Ошону менен бирге эле бул өтүнүчтү кароо соттук териштирүүнүн алкагынан сырткары чыгып тураарын билдирди. Албетте, соттун бул айтканы менен макул болбой койгонго болбойт. Ал жерде Текебаевдин коррупциялык иши боюнча соттук териштирүү жүрүп атат, анын талапкерлиги боюнча маселе каралган жок.
Экинчиден, Текебаевдин «реалдуу талапкер» боло ала турганынын деңгээли кандай экендигин буга чейин деле көргөнбүз. Ал камакка алынган күнү УКМК имаратынын алдына баш-аягы 300-400 адам чогулган болсо, анын жарымысы «атамекенчилер», жарымысы акчага жалданып келгендер болгон. Мунун өзү Текебаевге элдин ишеними таптакыр өчкөнүнөн кабар берет. Андыктан Өмүрбек мырза «реалдуу талапкерлигин» кое туруп, «реалдуу коррупционер» эмес экендигин сот аркылуу тастыктап алганы оң болуп туру.