Домой Аналитика Өзгөндүктөр жолду бууп, Бишкектен келген делегаттарды коё бербей жатышат (видео)

Өзгөндүктөр жолду бууп, Бишкектен келген делегаттарды коё бербей жатышат (видео)

198

Өзбекстанга Кемпир-Абаддан жер берүү чечимине нааразы болгон эл Бишкектен чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн баргандардын жолун тосуп, коё бербей жатат. Алар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин өзү келүүсүн жана Өзбекстанга 1 метр да жер бербей турганын  айтып, катуу талап кылып жатышат.

24-25-мартта Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйыны өтүп, жыйынтыгында протокол кабыл алынган.

Бул сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын атынан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан.

Анда «Кемпир-Абад суу сактагычы», «Шахрихансай каналы», «Гавасай», «Көк-Серек», «Баястан», «Ак-Таш», «Үңкүр-Тоо», «Кара-Белес» тилкелерин тактоодон өткөрүү макулдашылганы белгиленген. Сапардан кийин, 26-мартта Ташиев маалымат жыйын куруп, кыргыз-өзбек чек арасы 100% чечилгенин жарыялаган.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы боюнча соңку кадамдар «тарыхый мааниге ээ» деп сыпаттаган. Ошол эле кезде коомдун бир бөлүгү кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын сындап чыгышкан. Айрыкча, «Кемпир-Абад суу сактагычы» боюнча чечим чоң талкуу жараткан.

Ua.kg