Домой Коом Өзгөчө абал: Ишкерликтин уруксат берилген түрлөрүнүн тизмеси жарыяланды

Өзгөчө абал: Ишкерликтин уруксат берилген түрлөрүнүн тизмеси жарыяланды

11

Кыргызстанда өзгөчө абал учурунда ишкерликтин уруксат берилген түрлөрүнүн тизмеси жарыяланды. Өкмөттүн маалыматына караганда, бул тизмедеги ишканалардын жумушчулары саат 07:00дөн 20:00гө чейин жетекчиси күбөлөндүрүлгөн маалымдаманын негизинде, алдын-ала аныкталган багыт боюнча, ишкананын машинеси менен гана жүрө алат.

Өтүнмө аймактын комендатурасынын кароосуна компаниянын жетекчисинин колу жана мөөрү менен жөнөтүлөт. Аймактын комендатурасы көчүрмөнү автоунаа жүрүүчү тиешелүү райондун блокпостторуна берет.

Өзгөчө абал режиминде төмөнкүлөрдү өндүрүү, ташуу жана сатууга уруксат берилет:

– табигый, чийки жана кайра иштетилген түрдөгү тамак-аш жана азык-түлүк, анын ичинде таңгактоочу жана башка коштоочу өндүрүм;

– дары-дармек жана медицина каражаттары;

– күйүүчү-майлоочу материалдар жана аларга тийиштүү буюмдар, газ баллондор.

Мындай ишмердүүлүк тиешелүү өндүрүштүк жана соода түйүндөрүндө, азык-түлүк павильондорунда, дүкөндөрдө, базарларда, ири соода түйүндөрүндө, дарыканаларда жана май куюучу жайларда жүргүзүлөрү айтылды. Ошондой эле коммерциялык банктар жана турак жай-коммуналдык чарба кызматтары тейлөө ишмердүүлүгүн жүргүзө берсе болот.

«Бул ишканалардын коопсуздугун камсыз кылыш керек болсо жеке күзөт агенттиктерине иштөөгө уруксат берилет. Майда стационардык жана көчмө түйүндөр, кафелер, ресторандар, ашкана жана башка коомдук тамактануу жайларынын ишмердүүлүгүнө алар өндүрүмүн алып чыгууга багытталган шартта уруксат берилет. Жүк ташуу боюнча, азык-түлүк, күнүмдүк керектелүүчү жана медициналык багыттагы товарлар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында шаар, аймак аралык автоунаа менен жүк ташуу, почталык жөнөтүү, эл аралык эки тараптуу жана транзиттик ташуу ишкананын билдирмесинин негизинде чектелбейт», деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

18-24-мартта Кыргызстанда коронавирус жугуп ооруканага түшкөндөрдүн жалпы саны 42 адам болду. 25-мартта саат 9:00га карата жаңы учурлар катталган жок.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.

Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот, бул убакытта адамдардын жана автотранспорттун кыймылы толук токтошу керек.

25-мартта Бишкекте автобус-троллейбустар каттабай калды. Таксилер жүрүп жатат, бирок аларга да тыюу салынарын ИИМ билдирди.