Домой Коом Өзбекстанга барган расмий делегациянын курамы

Өзбекстанга барган расмий делегациянын курамы

18

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстанда иш сапары менен жүрөт.

Кыргыз делегациясы Ташкенттеги «Технопарк», IT Park Uzbekistan компанияларына, АСКУЭ эсептегичтерин чыгарган заводго, текстиль ишканаларына жана UzAuto Motors заводуна барышты.

А.Жапаров Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы расмий делегациянын курамын берди:

Жапаров Акылбек Үсөнбекович — Министрлер кабинетинин төрагасы, делегациянын башчысы;

Төрөбаев Бакыт Эргешевич — Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;

Азымбакиев Муратбек Абакирович — КРдин президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Жаманбаев Муса Мураталиевич — Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси;

Текебаев Тилек Кыдырмаевич — Транспорт жана коммуникациялар министри;

Темиралиев Умбриэл Темиралиевич — Улуттук инвестиция агенттигинин директору;

Исаев Асеин Кусеинович — Тышкы иштер министринин биринчи орун басары;

Алимбаев Абдикарим Карбекович — президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Сыргабаев Абсаттар Токтогулович — президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Эргешов Алтынбек Калдарович — президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркулович — Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору.