Домой Дүйнөдө Өзбекстанда “Өзбекстан” деген аталыштагы смартфон жасап чыга

Өзбекстанда “Өзбекстан” деген аталыштагы смартфон жасап чыга

129

Өзбекстанда “Өзбекстан” деген аталыштагы смартфон жасап чыга баштады. Байланыш каражаты азырынча ички рынок үчүн гана өндүрүлгөнүн жергиликтүү маалымат булактары жазды.

Гаджеттин эске тутумунун ченеми 64 гигабайтты түзөт. “Навои” эркин индустриалдык зонасынын аймагында башталган өндүрүштү ООО Telecom Devices PRO уюму колго алган.

Бул иш өлкөнүн Маалыматтык технологиялар жана коммуникация министрлигинин тапшырмасы менен жүзөгө ашырылган.

Мобилдик каражаттын эс тутумунда Өзбекстан Республикасынын президентинин китептери, классикалык жана заманбап өзбек адабиятынын мыкты үлгүлөрүнүн жыйнагы, радио спектаклдер, жүздөн ашуун өзбек ырлары жана күүлөрү, ошондой эле өлкөнүн кооз жерлери менен кооз аймактары чагылдырылган фотоальбомдор жүктөлгөн.

булак: NazarNews.kg