Домой Дүйнөдө Өзбекстанда 1-апрелден тартып карантиндик чектөөлөр киргизилет

Өзбекстанда 1-апрелден тартып карантиндик чектөөлөр киргизилет

30

1-апрелден тартып аш-тойлорду өткөрүү учурунда санитардык-гигиеналык эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө күчөтүлөт. Коноктордун саны 100дөн ашпоого тийиш.

Мындан тышкары театр, кино жана концерттик программалар учурунда көрүүчүлөрдү жана тейлөө кызматкерлерин беткап менен камсыздоо боюнча тапшырма берилди. Залдын 50% гана толууга тийиш, көрүүчүлөр аралыкты сактап отурууга, дене табын өлчөтүүгө милдеттендирилет.

Уюштуруучулар залда карантин эрежелеринин сакталышына жооптуу болушат.