Өкмөт башчы Темир Сариев бул ирет тарыхта кала турган чечимди кабыл алып, жалпы элди ыраазы кылып турат. Атап айтканда, кыргыз өкмөтү Өзбекстандан Ысык-Көлдөгү 4 пансионатты мамлекеттин эсебине алуу боюнча буйрукка кол койду. Төрт пансионат жалпысынан 80 гектар жерде жайгашкан. Биринчиси: «Рохат» 19,05 га, экинчиси «Дилором» (бул экөө Кара-Ой айылында) 21,77 га, үчүнчүсү «Золотые пески» (Бостери айылында) 28,25 га жана “Бустон” (Тоң районунда) 10,65 га. Негизи СССР кулагандан кийин Кыргызстандын аймагындагы обүектилердин баары автоматтык түрдө мамлекеттин менчигине өтүшү керек эле. Өзбектер бул 4 пансионатты 25 жылдан бери бекер пайдаланып келди, салыкты да жыргатып төкпөй, миллиондогон карыздарды төлөбөй келишкен болчу. Президентибиз, Жогорку Кеңеш, өкмөт мындай саясатты дагы да тездик менен улантуусу керек. Эмки кезек түштүктөгү өзбектер өларманданып бербей келаткан биздин мамлекетке караштуу: Бүргөндүдөгү нефти чыкчу, суу сактачу жайларды ж.б. мекемелерин өзүбүзгө алышыбыз зарыл. Анан да Өзбекстанды көздөй өзөн-өзөн болуп агып жаткан сууларды бууш керек. Чечилбей турган чек ара маселеси боюнча жемибизди жедирбей, жерибизди карматып жибербей, катуу талаптарды коюп, батыл киришүү керек. Темир Сариев бул маселе боюнча чечкиндүү аракет көрүп, маселени талапка ылыйык чечсе, аброю көтөрүлүп, тарыхта ысымы алтын тамгалар менен жазылып калышы толук мүмкүн.