Домой Коом Өзбекстан Кыргыз өлкөсүндөгү окуялар боюнча билдирүү жасады

Өзбекстан Кыргыз өлкөсүндөгү окуялар боюнча билдирүү жасады

134

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз өлкөсүндөгү окуялар боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, алар Кыргыз өлкөсүндөгү болуп жаткан окуялар жакынкы күндөрү мыйзам жолу менен калыбына келерине тилектеш экендигин билдиришкен.

Өзбекстан Республикасы Кыргыз өлкөсүндөгү соңку жагдай жана курч кырдаал боюнча тынчсыздануусун билдирет. Жакын коңшу, стратегиялык өнөктөш катары Өзбекстан боордош кыргыз элин укуктук талаага кайтып келип, тез арада абалды турукташтырарына үмүттөнөт жана ишенет”, – деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары Кыргыз өлкөсүнүн стабилдүүлүгү Борбор Азия өлкөлөрүнүн өнүгүшү үчүн дагы маанилүү фактор болуп эсептелинерин кошумчалаган.

Эске салсак, 6-октябрда Кыргыз өлкөсүнүн жарандарына Өзбекстанга кирүүгө чектөө киргизилген. Ал эми жүк ташуучу унааларга чектөө коюлган эмес.