20-ноябрда КР президенти Алмазбек Атамбаев алты жылдык ишмердүүлүгүнө байланышкан акыркы маалымат жыйынын өткөрүп жатып: «Эски саясатчылар жаш курагына карабай эми алардын келечеги жок» деген пикирин айтты. Эң туура айтылган сөз болду. Себеби, биз көбүнесе эски саясатчылар десе эле жаш курагы өйдөлөп калган саясатчыларды ойлойбуз. Ал эми ошол эле убакта жаш туруп, ошол эски саясатчылардан айырмасы калбаган, өз кызыкчылыктары үчүн мамлекетибизди каалагандай калчагысы келген жаш саясатчылар да бар. Алардын жаш курагы гана жаш болбосо, ойлогондору, кызыкчылыктары эски.
Маселен, «дубал сүрөтчүсү» атыккан Адил Турдукулов. Кепти башынан баштайлы, мына ушул Адил Турдукулов жана Кыргызстандын Малайзия жана Түркиядагы экс-элчиси болгон аксакал курактагы Мамбетжунус Абылов экөө 18-ноябрда Бишкектеги «Орион» отелинде жалаң бийликке таарынган саясатчылардын баштарын кошуп алып, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы түзүлгөн оор кырдаалды талкуулашты. Алардын арасында ага чейин Алматы шаарында өткөн казакстандык бийликчил, Астанада жайгашкан Саясый изилдөө ассоциациясы уюштурган 16-ноябрда Кыргызстанда болуп өткөн президенттик шайлоо жана Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилени талкууга алган тегерек столуна катышып келишкендер да болду. Анан албетте, алар Алматыга барып алып, казак бийлигине жагынып, кыргыз бийлигин каалагандай «тууралап» келишкенин түшүнүп турабыз.
Алгачкылардан болуп сөз сүйлөгөн М. Абылов коңшулаш мамлекеттин лидери Кыргызстандагы шайлоо алдында ички ишибизге кийлигишкенинен ушундай эки өлкөнүн ортосундагы кырдаал курчуду деген сөз өзүн-өзү актабады деди. «Эгерде жадакалса ошондой кийлигишүү болгон күндө да Атамбаевдин көчө сөзү менен тилдеп жана кордоосуна укук бербейт болчу, андыктан мындай аракетке кыргыз тарап кечирим сурашы керек», — дейт Абылов.
Ошого эле улай Абылов «Н. Назарбаев менен Ө. Бабановдун 19-сентябрдагы Алматыдагы жолугушуусу боюнча маалыматты кыргыздын мамлекеттик телеканалдары өздөрү таркатышты, андай болбосо, бул жолугушуу коомчулуктун өзгөчө көңүл буруусуна деле алынмак эмес», — дейт. Мына сага логика! Ал жолугушууну адегенде казакстандык маалымат каражаттары, телеканалдары кеңири таркатканын Абылов кыязы билбейт деле окшойт. Анан алар кеңири таркатып атса, казак лидери «Жаш экенсиң, колдойм» деп отурса, анан кыргыз тарап унчукпай отурушу керек беле?
Алмазбек Атамбаев болгону ачуу чындыкты айтты, Кыргызстан көз карандысыз, суверендүү мамлекет экенин, анын ички ишине сырттан эч кимдин кийлигишкенге акысы жоктугун билдирди. Анан ошол үчүн казак лидеринен кечирим сураш керекпи? Балким, тескерисинче Н. Назарбаев Ө. Бабановду кабыл алып, туура эмес кылганын, Кыргызстанды ички ишине кийлигишип терең жаңылыштык кетиргенин мойнуна алып, «ак чөп башта» деп келсе туура болоттур? Муну неге М. Абылов айтпайт, эегерде өз өлкөсүнүн патриоту болсо?
Ошондой эле ал «Кетип бараткан президент кечирим сурабаса, анда шайланган президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Назарбаевден кечирим суроо сунушу менен кайрылалы» дейт. Мына сага! Ал эмне, С. Жээнбеков өзүнүн президенттик ишмердүүлүгүн кечирим суроо менен баштасын деп турабы?
Ал эми жыйынга модератор болгон Адил Турдукулов Алматыдагы тегерек столдо талкуу өтө курч болгонун айтып, «айрым учурларда Кыргызстандын расмий бийлигин коргоого да туура келди» дейт. Бирок, буга ишенүү өтө кыйын. Тескерисинче ал тегерек столдо кыргыз бийлигин канчалык каралоолор, сындоолор болсо, ошончолук моокуму канып отурган болушу толук мүмкүн.
Ал эми экс-ТИМ министри Аликбек Жекшенкулов болсо «Казакстан менен алты документти Кыргызстандын бир тараптуу денонсациялашы – бул олуттуу, андыктан бир ай мурун эки мамлекет ортосунда болгону экономикалык гана маселе бар болсо, эми ал саясый өңүткө өтүп атат. Муну менен Кыргызстан өзү отурган чоң бутакты өзү кыйып атат жана коңшулаш мамлекетке жаңы аргументтерди берүүдө. Эң башкысы – Казакстан менен бир нече мамлекеттер аралык документтерди денонсациялоо Кыргызстандын өзүнүн улуттук кызыкчылыктарынна зыян келтирет», дейт.
Демек, анын пикири боюнча дээрлик 10 жыл бою колго тийбеген 100 миллион доллар жардам боюнча документтерди кайра-кайра оңдоп кол коюп, жүз жыл болсо да күтүп жүрө бериш керек болчу экен да. Бериле элек жардамын эле Назарбаев «бердик» деп айтып атса да унчукпай отурушубуз керек беле? Өзүн профессионал дипломат санаган Жекшенкулов буга эмне дейт?
Мына ушул жыйынга катышкан Абдыганы Эркебаев, Медеткан Шеримкулов аттуу эски саясатчылар да казак тарапка жан тартып турушат. Суроо жаралат: Эмнеге биздин бийликке таарынычы бар саясатчылардын баары эле Казакстандын президенти кетирген катачылыкты көрүшпөйт да, кыргыз бийлигинин жасаган кадамдарынын баарын эле катачылык катары санай берет? Же биз казак бийлигине жагынып, алдыларында шыйпаңдап гана турушубуз керекпи?
Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Марат Иманкулов «Бир айга созулган кризис качан эле саясый өңүткө өтүп алды. Ал жадакалса мамлекеттин ИДПсында да билинди, жылдык көрсөткүчтө 0,3%ка кыскарышы мүмкүн жана кырдаал тереңдеп баратат. Жадакалса, азыркы тапта биз согуш алдында турабыз деп айтып атышат, мындайга жол бербеш керек» дейт. Албетте, согуш эч качан болбосун, бирок мына ушундай акылдуу ойлорун ал эмнеге казак лидерине жолдобойт?
Алматыдагы тегерек столго да катышып келген Клара Сооронкулова да ошол ИДПдагы 3% жоготууга басым жасап, «буга жол бергендер отставкага кетсе дагы жоопкерчилик тартышы керек» дейт. Эмне, чек араны кыргыз чиновниктери жаап койдубу? Эгерде жоопкерчиликке тарткысы келсе, казак бийлигинен издесин андайды.
«Жаңы муун» аттуу эски кыймылдын өкүлү Айбек Мырза «Кыргызстандын аракеттеги президенти А. Атамбаев коңшулаш өлкөнүн башчысын гана эмес, Кыргызстандын журналисттерин, укук коргоочуларын, оппозициялык саясатчыларын, жадакалса бир бүтүн партияларды да кордоп сүйлөгөн, андыктан ал Назарбаевден гана кечирим суроо менен кутулбашы керек» дейт. Мына сага талап! Ачуу айтылган чындыктын баарын эле кордоо деп түшүнө беребизби? Же жаш туруп, эски саясатчылардын жолоюна түшүп алган Айбек Мырза өз өлкөсүнүн башчысын коңшулаш өлкөнүн башчысынын алдына чөгөлөткүсү келеби?
Жолборс Жоробеков аттуу узак жылдардан бери аты-жыты чыкпай калган саясатчы «Ө. Бабанов менен жолугушуусунда Н. Назарбаев аны бир тараптуу колдойм деген эмес, Бабановдун Он-Адырдагы сүйлөгөн сөзүндө да эч кандай кылмыштуу жагдай жок» дейт. Демек, Жоробеков да бир тараптуу гана ойлонуп, бир тараптын гана кызыкчылыгын көздөп атканын түшүнөбүз. Назарбаев Бабановду кабыл алып, «сен жашсың, колдойбуз» дегенин жалпы кыргыз эли гана эмес, дүйнө коомчулугу көргөн. Ал эми Бабановдун Он-Адырда сүйлөгөн сөзү сепаратист К. Батыровдун 2010-жылдагы июнь коогалаңы алдында сүйлөгөн сөзүнүн эле көчүрмсү болуп турганын кантип жашырабыз?
Айтор, булардан тышкары дагы Мукар Чолпонбаев, Рита Карасартова, Равшан Жээнбекова, Сапар Аргынбаев, Николай Байло аттуу эски саясатчылар сөз сүйлөшүп, баарынын эле пикири бири-бириникине коендой окшош болуп атты. Бул адамдардын чыныгы жүздөрү кандай экендигин биз жакшы билебиз. Бири дагы Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн, элибиздин жакшы жашоосу үчүн жарытылуу иш жасашпаган. Болгону өздөрүнүн гана кызыкчылыгы үчүн жан үрөп басып жүрүшөт. Ошондо да жөн жүрбөй, өздөрүнүн мамлекетинин кадыр-баркын тебелөө менен алек.