prednisone canadian pharmnacy.
Парламенттеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын лидери, президенттикке ат салышып аткан талапкер Өмүрбек Бабановдун өз элинин тынчтыгын уурдоого, мамлекетинин коопсуздугуна коркунуч жаратууга түзгөн атайын планы бар экендиги айкын болду.
Буга чейин аны шайлоодо сүрөөнгө алууну чечкен ЖК депутаты Канат Исаевдин уюшкан кылмыштуу топтун өкүлү менен жолугушуп, 15-октябрда өлкөбүздө башаламандык салуу үчүн «ярый» балдарды тартууга 800 миң сом берип аткан жеринен тартылып алынган видеосу ачыкка чыгып, камакка алынган. Бул боюнча учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Ошол окуядан кийин шашылыш маалымат жыйынын өткөргөн Ө. Бабанов К. Исаев берип аткан акчалар кимдики экенин жана эмнеге берилгенин билбей тургандыгын айткан болчу. «Мен К. Исаевди каржылабайм, ал акчаны кимге жана эмнеге берип атканын өзүнөн сураганыңыздар туура болот» деп өзүн андан оолак кармоого аракет жасаган эле. Анан дагы ал «Мен төңкөрүш жасайын деген оюм жок, ансыз деле мага шайлоочулардын 65%ы добушун бергени атат» деген жомокту айткан. Ошол «65%ы» чындап эле жомок экендигин узак жылдардан бери социологиялык сурамжылоолорду жүргүзүп келатышкан салабаттуу компаниялардын жүргүзгөн сурамжылоолору тастыктап койду. Ага ылайык Бабановдун февраль-март айларындагы рейтинги 39%ды түзгөн болсо, акыркы айларда болгону 20% болуп калганы белгилүү болгон. Ал эми анын башкы атаандашынын рейтинги андан эки эсеге жогору тураарын да айта кетели.
Ошентип Ө. Бабанов К. Исаевге байланыштуу иштен айланып кеткен. Бирок, кыңыр иш баары бир ачыкка чыгат тура. Бир жагын жапканы менен экинчи жагынан былгып чыга берерин кыязы Бабанов билбесе керек.
9-октябрда интернет булактарында кайрадан бийликти басып алуу планына байланышкан аудиотасма тарады. Бул ирет анын башкы каарманы, буга чейин түнкүсүн таксистке пистолет такап, коркутканы үчүн темир тор артына отуруп чыккан Мелис Аспеков болду. Ал Нурбек, Жусуп аттуу белгисиз кишилер менен жана М. Жетимишбаев аттуу Бабановдун ишенимдүү өкүлү жана А. Мырзаев аттуу адам менен телефондон бийликти басып алуу планы боюнча сүйлөшкөн.
Аспеков Нурбек аттуу адам менен сүйлөшүүсүндө Бабанов менен жолуугуп сүйлөшкөнүн, ага абдан чоң күчтөр кошулуп атканын, «До конца» барам деп атканын саймедиреп айтып берет. Анан ал «Бизде курал жок, кетмен менен, күрөк менен, айры менен жыга чаба бериш керек» деп күпүлдөйт.
Ал эми М. Жетимишбаев менен сүйлөшүүсү К. Исаев камакка алынгандан кийин болгон. Анда Аспеков К. Исаев менен иштешип жүргөнүн, эми ал камакка алынып калгандыктан, Бабановдун өзүнө «М. Аспеков сизди колдойт» деп айтып коюсун, анан акча каражаттарын жакшылап чечип берсе, 1000-2000 кишини 15-октябрда алып чыга турганын айтат. Дагы бир сүйлөшүүсүндө ал кримдүйнөдөгү белгилүү өкүл, маркум Алманбет Анапияевдин бир тууган агасы Калмамат Анапияевди да бийликти басып алууга көндүргөнүн, анын шаарда эле 300 спортчу баласы бардыгын айтат.
Мына ушул сүйлөшүүлөрдүн бардыгы бийликти басып алуу планы Бабановдун каржылоосу менен жүзөгө ашып атканын түшүндүрүп турат. М. Аспековдун сүйлөшүүсүндө А. Бекназаровдун, А. Мадумаровдун, Темир Сариевдин, Улукбек Кочкоровдун, Эдил Байсаловдун да аттары аталат. Кыязы, Бабанов бардык бийликке таарынгандардын баштарын бириктирип, өлкөбүздө кайрадан кан төккүсү келип туру окшойт.
Бирок, эмнегедир тиешелүү укук коргоо органдары Бабановдун өзүнө карата чара көрүүгө шашылбай эле турушат. Эмнеге? Бардыгын уюштуруп, каржылап аткан Бабанов болсо, анда неге ал жоопкерчиликтен сырткары калышы керек? Албетте, 15-октябрда Бабановго карата жазасын эл өзү берет. Башкача айтканда ага мурда ишенип келгендер да эми добуш берүүдөн айнып турушат. Себеби, бизге мамлекеттин тынчтыгын уурдай турган эмес, аны бекемдей турган башчы керек. Ал эми тынчтыкты уурдап, мамлекеттүүлүккө коркунуч туудургусу келгендерге мыйзам алкагында татыктуу жаза берилиши кажет эмеспи.