Домой Коом Өз атасы баласын уурдаган

Өз атасы баласын уурдаган

68
Бишкекте жаш бала уурдалганы тууралуу маалымат тараган.
Кечээ, 19:35 тер чамасында милицияга Рыскулов жана Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишинен бала уурдалгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Беш жаштагы баланы азиат улутундагы үч эркек киши энесинин колунан жулуп, күңүрт түстөгү унаага салып кетишкен.
Бишкек ШИИБдин басма-сөз кызматынын маалыматына караганда, уурдагандардын бири баланын атасы болгон.
“Териштирүүнүн жүрүшүндө Ы.Ж. баласынын туулган күнү менен куттуктап, ага жолугууну каалаган. Бирок, кайненеси баланы көргөзбөй койгон. Ошого байланыштуу атасы баласын алып кетүүнү чечкен”, — деп айтылат билдирүүдө.
Бишкектин Ленин райондук ИИБнин тергөө кызматы сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тийиштүү тергөө иштерин өткөрөт.