Домой Саясат Өз айыбын өзү чукуган Бекназаров же Текебаевдин сотунда УӨнүн башка мүчөлөрү да...

Өз айыбын өзү чукуган Бекназаров же Текебаевдин сотунда УӨнүн башка мүчөлөрү да жалган көрсөтмө бергенби?

56

1349746554_2meet17-640x520

Ашкере акылдуу болуп, бир жерде бирди, башка жерди анын бөлөк вариантын айтып, «Мен деген боорукер адаммын» дегендей түр көрсөткүсү келген Азимбек Бекназаров да акыры кылтакка илинди окшойт. Башкача айтканда бул «революциялардын бульдозеруна» УКМК Өмүрбек Текебаевдин сотунда жалган көрсөтмө берген деген айып менен кылмыш ишин козгоду. Буга интернет булактарында тараган аудио жана видео тасмалар негиз болуп берди.

Ири суммадагы паракорчулукка айыпталган Ө. Текебаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча сот процессине Азимбек Бекназаров күбө катары көрсөтмө берип кеткен күндүн эртеси эле интернет булактарында анын Камчыбек Ташиев менен маектешип атканы жаздырылып алынган аудио тасма тараган. Анда Азимбек мырза: «Ар бир калп айтып жаткан сайын Кудай өзүң кечир деп аттым, сөөгүн агарткыча калпты айттым» деп өзүнө өзү ыраазы болгон адамдай сүйлөп атканы бар. Анан албетте, бул аудио тасма коомчулукка кеңири белгилүү болгон кезде А. Бекназаров да, К. Ташиев да аны «монтаждалган» деп танып чыгышкан.

Андан көп өтпөй эле  240 buying amoxicillin trihydrate 500mg. comment.kg порталына маек бергенден кийин, эфирден сырткары аталган порталдын журналисти Раушан Айткуловага болгон сырын айтып атканы да видеого жаздырылып алынган. Ал да интернет булактарына тараган. Анда да «Сотто жыгылып жаткан кишини колдоюн деп калп айттым. Калп айткан сайын “Кудай өзү кечирсин” дедим деп балдарга да айтып бердим», — деп атканын укканбыз.

Макул, аудио тасманы тансын дейли, бирок видео тасманы танып чыкканы А. Бекназаровдун бетинин калыңдыгы ашынып кеткенинен кабар берет. УКМК бул видео тасманын жасалма же жасалма эмес экенин аныктоо үчүн Алматыда жасалган фоноскопиялык экспертизадан өткөрүлгөнүн билдирди. Демек, ал эч кандай жасалма да, монтаждалган да эмес.

Андыктан Азимбек мырза эми сотто жалган көрсөтмө бергени үчүн мыйзам алдында жоопкерчилик тартышы абзел. Ал өзү да юрист болгондуктан, сотто жалган көрсөтмө берилсе, ага кылмыш жоопкерчилиги карала турганын эң сонун билет.

Бул жерден дагы бир маселе жаралат. А. Бекназаров сотто тим эле күйүп-бышып Текебаевди коргогон. Ошол эле убакта Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү да биринин артынан бири келип, башкы «атамекенчини» жерге-сууга тийгизбей коргоп кетишкен болчу. Алар да «Сотто жыгылып аткан кишини колдоп коеюн» деп жалган көрсөтмө берип коюшкан жок беле? Мына ушул суроонун жообун да атайын кызмат балким иликтеп көрөр.