Домой Саясат Отунбаеваны омкорууга күч жетеби?

Отунбаеваны омкорууга күч жетеби?

66

Комуздун кереметтүү күүсүн эмес, флейтанын үнүнө куштар болгон батышчыл мекендештерибиз жок десек жаныбызды жеген болобуз. Мына ошол ур барабан, тарт сурнайды колдогондор эл каалабаган чуру-чууну чыгарууга дайыма куштар. Кичине эле мүмкүнчүлүк жаралса булт этип чыга калышат суурдай болуп. Негизи бизде аялдардын укугун бузгандарды мыйзам чегинде жазалоо туура келет. Бирок, ошону шылтоо кылып алышып батыштан келген каражатты акташ үчүн аянтка чыгыштын өзү натуура.

Арийне, ошолордун туу башында эмне үчүн Роза Отунбаева турганы боюнча маселе таптакыр башка нукта иликтөөнү талап кылат. Дегинкисинде бул апчебиз эзелтен эле батышчыл көз карашта болгонун өзү деле танбаса керек. Ошол багытын өзгөртүүнү каалабагандыгы төбөсүнө урулган муш болгону айкын көрүнүп турат. Өз аргументтерин ар түскө боеп билдирем десе да андан майнап чыкпайт. Себеби, коомчулуктун көзүн таңып салууга мүмкүн эмес. Айрыкча Токтайым Үмөталиеванын чабуулу Роза апчебиздин зоболосун кыйла кыйшайтты шекилди. Эми анын кырчылдашкан “душмандары” мурдагыдан арбып кетти. Өмүрбек Текебаев, Асия Сасыкбаева, Эмилбек Каптагаев, Мира Жангарачева, Динара Ошурахунова сыяктуу тарапташтары да бар. Демек, Отунбаевны омкоруп түшүүгө күч жетишсиз. Анан калса маанилүү иш-чараларда ажонун жака-белинде жүрүп калганы да маселе жаратууда.

Булак: Ачык сөз