Бажы кызматынын төрагасын мурдагы орун басары Райым Матраимов «Раим-миллион» деген аткан 2010-жылдан кийин ээ болгон. Себеби, дал ушул жылдардан тарта анын «ити чөптү ашай» баштаган.
Эске сала кетсек, УӨнүн мүчөсү Азимбек Бекназаров мындай деп айткан: «2010-жылдан кийин Сооронбай Шарипович Ош облусунун губернатору болуп турганда мага айткан: «Оштон Райым Матраимовду эл кубалап кызматтан кетирип жиберсе, силер борборбордук бийлик 400 же 700 миң долларын алып кайра кызматына дайындап коюпсуңар го» деген болчу», — деп.
Мына ушунун баарын коомчулук билет. Райым Матраимов Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева болуп турганда, анын экономикалык маселелер боюнча орун басары Алмазбек Атамбаев болуп турган. 2017-жылдын 23-ноябрына чейин Бажы кызматында жетекчилик кызматтарда иштеди.
Демек, Райым Матраимовго байланыштуу суроолордун баары биринчи кезекте Отунбаевага,Атамбаевге да жолдонушу керек. Тилекке каршы, Роза Отунбаева дагы Р. Матраимовго байланыштуу «Азаттыктын» иликтөөсүнө бийлик элди ынандыра тургандай тез арада жооп бериши керек дептир. Андан көрө Отунбаева өзү Раим жөнүндө жооп берип койбойбу?