Домой Саясат Отунбаева «Азаттыктын» иликтөөсү боюнча комментарий берди

Отунбаева «Азаттыктын» иликтөөсү боюнча комментарий берди

51

Мурдагы президент Роза Отунбаева «Азаттыктын» иликтөөсү боюнча комментарий берди.

Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, өкмөт иликтөөдө айтылган жагдайларга чукул чараларды көрүшү керектигин айтты.
«Менин оюмча, ар бир министрлик өзүнүн ишин так карап чыгышы керек. Кечээ коопсуздук кеңешинин катчысы иликтөө башталды деп айтып жатат. Иликтөө жүрсүн, күнөөлүүлөрдүн баары жоопко тартылсын. Күнөөсүздөр деле түрмөдө отуруп, азыр кайра соту болуп жатат», — деди Отунбаева.

22-ноябрда «Азаттык» радиосу “Бажыдагы миллиондор: калкалоо жана карактоо» аттуу иликтөөсүн жарыялады. Анда бажыдагы товар өткөрүүнүн көмүскө схемалары, миллиондогон акчаларды адалдоо тууралуу сөз болот.

Кечээ, 25-ноябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагымбаев журналисттик иликтөө боюнча мекемелер аралык тергөө тобу түзүлгөнүн, иликтөөдө аты аталган адамдар, анын ичинде Раимбек Матраимов да тергөөгө чакырылышы мүмкүн экендигин айткан. Ал эми Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов акыркы эки жылдан бери кайсы бир саясий топтор каралоо максатында түрдүү божомолдорду, ар кандай жалган маалыматтарды таратып келгенин айтып, өзүнө байланыштуу бардык суроолорго жооп берүүгө даяр экендигин билдирди. 

Булак: Заман