Домой Коом Өткүрбек Жамшитов: Данияр Үсөнөвду Белоруссия бизге кайтаруудан баш тартты

Өткүрбек Жамшитов: Данияр Үсөнөвду Белоруссия бизге кайтаруудан баш тартты

1144

Жогорку Кеңештин жыйынында бүгүн, 21-майда депутат Таабалды Тиллаев мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду кайтарып келүү боюнча кандай иштер жүрүп жатканын сурады.

“Данияр Үсөнов аты-жөнүн алмаштырганы маалымат каражаттарында жазылган. Ал адамды кайтарып келүү боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатат?”, – деп сурады Тиллаев.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бул маселе боюнча 3 жолу сүйлөшкөнүн, бүгүнкү күндө да Беларустун Башкы прокуратурасынан сурап келээрин белгиледи.

“2017-2018-жылдары Беларусь өлкөсүнө кайрылуулар болгон. Өзүм дагы ошол өлкөгө барганда, бул маселе боюнча 3 жолу сүйлөшкөнбүз. Саясий негиздер менен соттолгон деп бизге кайтаруудан баш тартышты. Бүгүнкү күндө да Беларустун Башкы прокуратурасынан сурап келебиз”, – деди Өткүрбек Жамшитов.