Домой Коом Өткөн суткада 11 киши коронавирусту жеңе албай, акка моюн сунду

Өткөн суткада 11 киши коронавирусту жеңе албай, акка моюн сунду

60

Акыркы сутка ичинде коронавирустан 11 адам каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары (пневмонияны эсепке алганда) төмөнкүдөй:

«Алардын ичинен төртөө Бишкек шаарынын, бири Ош шаарынын, бири Чүй облусунун, бири Нарын облусунун, үчөө Жалал-Абад облусунун, дагы бири Баткен облусунун тургундары эле”, — деди Акматова.

Жалпы каза болгондор — 1420.