Домой Коом Осмонов  «Ыйман нурун» баштап барат

Осмонов  «Ыйман нурун» баштап барат

501

Осмонов Айбек Жапаровичти жалпы коомчулук жакшы билип калды. Анткени, бул инсан көптөн бери ишкерликте ийгилик жаратып, элдин батасына арзып келет. Аны билгендер адамкерчилиги да мыкты экенин айтып келишет.

Башкасын айтапаганда да «Кыргыз — унаа курулуш» текстил фабрика-заводдорун ачып, 100дөгөн  адамдарды иш менен камсыз кылып келет.  Ал башкалардай болуп жасаган көптөгөн иштерин, кайрымдуулуктарын жарнама кылбайт. «Бир колуӊ бергенде, экинчи колуӊ көрбөсүн» — деген принцип менен жүргөндөрдү бири десек болот.

Мекенчилдиктин үлгүсүн көтөрүп, өксүп турган экономикага өз салымын кошуп, тынымсыз эмгектенип келет. Мындай жигиттерден көптү үмүт кылса болот.

Угушубузга караганда, Айбек мырза «Ыйман нуру» партиясынын лидери болуу менен бирге алдыда келаткан парламенттик шайлоого аттанып жатыптыр. Эмесе ийгилик деп туралы…

Булак: Багыт