Домой Саясат Осмонакун Ибраимов: Бекназаров Аксы окуясына чекит койгондун ордуна канкорлорду, жемкорлорду өз колу менен чыгарган

Осмонакун Ибраимов: Бекназаров Аксы окуясына чекит койгондун ордуна канкорлорду, жемкорлорду өз колу менен чыгарган

148

Осмонакун ИбраимовТуңгуч качкын президент Аскар Акаевдин башкы идеологу саналган Осмонакун Ибраимов Аксы окуясынын тегерегинде макаласын жарыялаптыр. Анда ал сөз дайрасында калкыган Азимбек Бекназаров 2005-жылдын мартында Башкы прокурор болуп күрүлдөп турган чагында  бул окуяга чекит койгондун ордуна жертөлө менен жашыруун квартираларда жашынып, чет жерде баш калкалап, эл аралык издөөдө жүргөн чуулгандуу кылмышкерлерди жарыкка алып чыкканын баса белгилеген. Анын ырасташынча, алардын башында кылмыш дүйнөсүнүн авторитети Рыспек Акматбаев, казынадан 18 миллион долларды кымтып алган Шалкар Жайсаңбаев, миңдеген карыларды алдап кеткен шумпай “Рентон Групптун” ээси Пакты, дагы башка канкорлорду, жемкорлорду жеке өз колу менен эркиндикке А.Бекназаров чыгарган.

“Алардын баары Башкы прокурорго кирип андан ачык, ээн-эркин жашоого “жолдомо” алып чыгышчу… Кийинки бийлик тушунда Бакиевдердин баары күч кызматтарына баш-көз болчу вице-премьер Бекназаровдун тушунда эсен-аман Беларуска коё берилиши тууралуу кеп кылуунун кереги деле жок. Баарынан да Аксы алааматында кан төккөндөрдү жазалаш керектигин бир топ жылдар айтып келаткан Бекназаровдун өзү Башкы прокурор болгондон кийин ал ишти козгобой, топтолгон суроолордун баарын чечип, ишти сотко өткөрүп бербей койгонун айтпайсызбы”, — дейт Ибраимов.

Түшүнгөн адамга бул өтө чоң айыптоо. Эми буга Азимбек Анаркулович кандай жооп кайтарарын күтө туралы…

Азамат КАНГЕЛДИЕВ