Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы ИИМдин тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталып, 2019-жылы кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамдар боюнча маалымат берди.
2019-жылы Ош шаарында кылмыштуу топтун 16 мүчөсүнүн үстүнөн 23 факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп, сотко жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында 8 адам абакта жаза өтөп жатышат.
ИИМдин тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталып, 2019-жылы Ош шаарында кармалып, тергөө жүргүзүлгөн адамдардын тизмеси:
— Баткен облусунун 1993-жылы туулган тургуну Ш. уулу З.;
— Ош шаарынын 1996-жылы туулган тургуну М.Л.;
— Кара-Суу районунун 1995-жылы туулган тургуну К. уулу М.;
— Талас районунун 1995-жылы туулган тургуну Д.А.;
— Ош шаарынын 1985-жылы туулган тургуну М.А.;
— Кара-Суу районунун тургуну К.С.;
— Ош шаарынын 1969-жылы туулган тургуну Т.И.;
— Кара-Суу районунун 1991-жылы туулган тургуну М. уулу Н.;
— Ош шаарынын 1993-жылы туулган тургуну А.Р.;
— Ош шаарынын 1980-жылы туулган тургуну А.Ч.;
— Ош шаарынын 1981-жылы туулган тургуну У.М. (К.Э.);
— Ош шаарынын 1991-жылы туулган тургуну И.И.;
— Ноокат районунун 1992-жылы туулган тургуну А.Ж.;
— Ош шаарынын 1978-жылы туулган тургуну А.Т.;
— Кара-Суу районунун 1982-жылы туулган тургуну С.Р.;
— Кара-Суу районунун 1968-жылы туулган тургуну З.Ж.;
ИИМдин тизмесиндеги уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү А.М., А.Ж., А.Р., С.Р. ар бири 2 жолу, ал эми У.М. (К.Э.) төрт ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Ош ШИИБдин маалыматы:
2019-жылы Ош шаарында жашаган жана ИИМдин тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 8 адамдын үстүнөн тергөө иштери жүргүзүлүп, учурда алар жаза өтөө мекемелеринде жазаларын өтөп жатышат. Бир шектүүгө издөө жарыяланган. Ыкчам маалыматтарга караганда ал Россия Федерациясынын аймагында жашынып жүрөт. Ал эми калган кылмыштуу топтун мүчөлөрү Ош ШИИБдин көзөмөлүндө турат.
ИИМдин тизмеси боюнча Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун 34 мүчөсү жашайт. Алардын бирөөнүн үстүнөн сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.
2019-жылы кылмыштуу топтун 16 мүчөсүнүн үстүнөн 23 ирет кылмыш иши тергелген (жыйынтыгында 8 адам жаза өтөө абактарында отурат). Ал эми кылмыштуу топтун 9 мүчөсү Ош шаарынан чыгып кетишкен. Көпчүлүгү Россия Федерациясынын аймагында.