Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасы УКМКнын Контрчалгындоо башкы башкармалыгы менен биргеликте Коргоо министрлигине караштуу аскер бөлүгүндө аскердик мүлктүн максаттуу пайдаланышын текшерди.
Башкы прокуратура билдиргендей, аскер бөлүктүн кызматкерлери 2 млн 298 миң 708 сомдук ар кандай материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз коротууга жол беришкен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенилип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.