Домой Коом Ошто үч милиционер иштен алынды

Ошто үч милиционер иштен алынды

95

Коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаал учурунда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын үч кызматкери иштен алынды. Шаардык милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун маалыматына караганда, алар кызматтык тартипти бузганы үчүн иштен бошотулган.

«Алардын ишин министрликтин ички иликтөө кызматы текшерип чыгып, кызматтан бошотууну сунуш кылган. Бул кызматкерлер өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурунда кызматтык тартипти бузган», — деди Замир Сыдыков.

16-майда Ошто милициянын айдоочуларды сөгүп жатканы тартылган видео тасма Интернетке чыгып, коомчулукту нааразы кылган. Кийинки күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кызматкерди иштен алганын жарыялаган.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. Ош шаарында оору көп катталган аймак катары 25-марттан 11-майга чейин өзгөчө абал жарыяланган.

Өзгөчө кырдаал шартында 65 милиция кызматкери коронавирус илдетин жугузуп алган.

Булак: Азаттык