Маалыматты Ош облустук сотунун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов дагы тастыктады. Анын айтымында, судья коменданттык саат башталганга чейин кармалган.
Коменданттык сааттын талаптарын бузуп, милицияга кол көтөрдү делген Ош облустук сотунун судьясына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош облусу боюнча комендатуранын маалымат кызматынын өкүлү Замир Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, окуя 7-апрелге караган күнү кечинде болгон.
«Ош облустук сотунун судьясы мас абалында коменданттык сааттын шарттарын бузуп, милиция кызматкерине кол көтөргөн. Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 355- беренеси («Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү жана коркутуу») боюнча сотко чейинки териштирүү башталды», — деди Сыдыков.
Деген менен Ош облустук сотунун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов М.К. аттуу судья коменданттык сааттын башталарына беш мүнөт калганда үйүнүн жанынан кармалганын айтууда.“Муну жаңжал чыгарды деп атоого болбойт. Ортодо талаштуу маселе жаралган. Себеби судья ал күнү нөөмөткө туруп, жумуштан кайтып келе жаткан. Аны бир таанышы машинасы менен жеткирген. Ал үйүнө кирээри менен жанагы автоунааны токтотушкан. Мындан улам судья кайра чыгып, коменданттык сааттын башталышына 5 мүнөт калганын айткан. Бирок ага карабай аларды райондук милиция бөлүмүнө алып кетишкен”, — деди маалымат катчы.
Ошондой эле ал судья мас абалында болгону тастыктала электигин айтып, окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын белгиледи.
Эске салсак, коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 25-марттан тарта оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларына, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондоруна өзгөчө абал киргизилген. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.
Бүгүнкү күндө COVID-19 жуктургандардын саны Ош шаарында 33 жана облусунда 97 адамга жетти. Алардын арасында каза болгондор, айыгып чыккандар дагы бар.
Булак: Спутник