Ошто спирт ичимдиктерин сатууга уруксат берилди. Бул туурасында Оштун комендатурасынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.
Анын айтуусунда, буйрук кээ бир мыйзамдарга шайкеш келбегендиги үчүн 16-апрель күнү кайра жокко чыгарылды. Мындай чечим кабыл алууга ишкерлердин, укук коргоочулардын кайрылуулары негиз болгон.
Ош аймагынын коменданты Малик Нурдинов 13-апрелдеги буйругу менен Ош шаарынын, Ноокат, Кара-Суу райондорунун аймактарында спирт ичимдиктерин сатууга убактылуу тыюу салган.