Домой Криминал Ошто мектеп мугалимин атып өлтүрүп кетишти

Ошто мектеп мугалимин атып өлтүрүп кетишти

157

Бүгүн, 23-мартта Ош шаарында октон жаракат алып жансыз денеси табылган адам мугалим болгону аныкталды. Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Санталат Аматова тастыктады.

Анын айтымында, ал шаардагы №44 мектептин информатика мугалими болчу. Күндүзү мектепте, кечкисин таксист болуп иштеп келген.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматы октон каза болгон адам мугалим болгонун тастыктап, өздүгү аныкталганын билдирди. Бирок азырынча атын айтуудан баш тартышты.

Окуя тууралуу:

Ош ШИИБдин басма сөз кызматы бүгүн эртең менен Ош шаарында жансыз дене табылганын кабарлаган болчу.

Маалыматка караганда, ал шаардын Көкүм бий көчөсүнөн табылган. Ал жөнүндө эртең менен саат 8:00 чамасында милицияга жергиликтүү тургундар кабар беришкен. Аны кароо учурунда денесинен учтуу буюмдун тактары табылган. Бул факт адам өлтүрүү беренеси менен катталып, кылмышты жасаганга шектүү адамдар изделип жаткан. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Кийинчерээк аны атып кетишкени такталган.

«Ал адамды белгисиз ок атуучу курал менен атып кетишкени айтылды. Кандай курал менен атканын аныктоо үчүн тергөө иштери жүрүп жатат. Азырынча каза болгон жарандын өздүгү тактала элек», — деп маалымдашкан Ош ШИИБден.

Алдын ала маалыматка караганда, каза болгон адамдын төш тарабына чачма ок тийген.