Домой Коом Ошто кызганчаак күйөө аялын машинага байлап сүйрөгөн

Ошто кызганчаак күйөө аялын машинага байлап сүйрөгөн

1057
Ош шаарында мончодон кеч чыккандыгы үчүн күйөөсү жубайын унаа менен сүзүп, сүйрөп кеткен. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Окуя 17-февраль күнү кечинде орун алган. Жабырлануучунун айтымында, ал мончодо курбулары менен кармалып калган. Чыкса жолдошу кызганып унаа менен сүзүп, жыгылып калганда өтүп кетип, кайрылып келип колунан кармап, унаа менен кошо жүгүрткөн. Жубайы кулап калганда 4-5 метрге чейин унаа менен сүйрөп кеткен.

Жабырлануучу 45, ал эми жолдошу 43 жашта. Экөө тең Кара-Суу районунун тургундары. Бирок окуя Ош шаарындагы Жапалак айылында катталды. Кылмышка шектүү кечээ камалды”, – деп билдирди басма сөз катчы.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу Ош облустук оорукананын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылган. Дарыгерлер аялдын баш мээси чайкалганын аныкташкан.