Домой Коом Ошто кошумча шайлоо участогуна журналистер киргизилген жок

Ошто кошумча шайлоо участогуна журналистер киргизилген жок

24

Ош шаарында №5912 шайлоо участогуна журналисттердин кирүүсүнө тыюу салынды. Өзүн добуш берүү участогунун мүчөсүмүн деп тааныштырган адам жогору жактан ушундай тапшырма берилгенин билдирди.

Аталган шайлоо участогу кошумча түзүлгөн. Анда негизинен студенттер добуш берери буга чейин Интернетте кабарланган. Бүгүн добуш берүүгө да негизинен студенттер келип жатышканы байкалды.