Домой Коом Ошто коронавирустан дарыланып жаткан 34 жаштагы аял обсервациянын 3-кабатынан боюн таштап, жеринен...

Ошто коронавирустан дарыланып жаткан 34 жаштагы аял обсервациянын 3-кабатынан боюн таштап, жеринен каза болгон

336

Ош шаарындагы ооруканада коронавирус менен ооруп жаткан 34 жаштагы аял обсервация имаратынын 3-кабатынан боюн таштады. Бул тууралу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдирүүдө.

Маалыматтарга ылайык, окуя кечээ, 1-июлда болжол менен саат 23:30да Ош шаардык ооруканасынын эски имаратында болгон. Ал алган жаракатынан улам ошол жерден жан берген.

Азыр милиция жана КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери иштин бардык жагдайларын иликтеп жатышат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 34 жаштагы аял жакында эле көз жарган. Андан кийин ал келинден COVID-19 табылган. Келиндин ымыркайы апасында болуп, өзү болсо Ош шаардык ооруканасынын эски имаратында дарыланып жаткан.
Булак: Кыргыз тудей