Домой Криминал Ошто “Казак” деген каймана аттуу кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ошто “Казак” деген каймана аттуу кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

97

17-январда Ош шаардык милициясы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, «Казак» деген каймана аты бар Умар Маратовду кармады. Шаардык милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, «Казактын» мурдагы мэр Айтмамат Кадырбаевдин аталаш иниси Улан Раимбеков сабалган окуяга тиешеси бардыгы аныкталды.

— 11-январга караган түнү Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи районунда «Народный» дүкөнүнүн алдында катталган каракчылык фактысынын алкагында жүрүп жаткан тергөө иштеринин жүрүшүндө оперативдик жол менен алынган далилдердин натыйжасында бул жаран кармалып, бүгүн убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилди.

Сыдыковдун билдиргенине караганда 11-январдагы окуяда жабырлануучу акчасын жана травматикалык тапанчасын тонотуп жиберген. “Карактоо” беренеси менен иш козголгон. 16-январды бул иштин алкагында Өзгөн жана Алай районун эки тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Экс-мэр Кадырбаевдин аталаш иниси Улан Раимбеков 11-январга караган түнү Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи районунда сабалган. Ал жаагы сынып, эриндери жырылып, «оор абалда» облустук ооруканага түшкөн.

Умар Маратов буга чейин бир канча ирет «Уурулук» жана «Каракчылык» беренелери менен соттолуп чыккан. 2019-жылдын октябрь айында 16 жаштагы кызды зордуктоого шек саналып кармалган.

Ушул жылдын 8-январында Ош шаардык соту аны үй камагына чыгарган. Маратовду үй камагына чыгарып жиберген Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманова 17-январда мөөнөтүнөн мурда кызматтынан бошотулду.