Домой Коом Ошто Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара алып жатканда кармалды (Сүрөт)

Ошто Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара алып жатканда кармалды (Сүрөт)

66

Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара талап кылуу боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.

2020-жылдын 11-сентябрында «Ж.З.» аттуу КР жаранынан келип түшкөн кайрылуунун негизинде КР УКМК башкы тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (Пара талап кылуу) фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүшкө кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Такталгандай, Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы «А.Ж.С.» экинчи тарапка оң чечим чыгарып берүү боюнча «Ж.З.» аттуу жарандан акча каражатын талап кылган.

Бүгүн,  14-сентябрда жүргүзүлгөң ыкчам-тергөө иш- чараларынын негизинде Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы «А.Ж.С.» талап кылган акча каражатын алып жаткан учурунда кармалды. Тергөө жүрүп жатат.

Булак: barometr.kg