Домой Коом Ошто кайненесинин чекесине, санына жана колдоруна бычак сайган күйөө бала 9 жылга...

Ошто кайненесинин чекесине, санына жана колдоруна бычак сайган күйөө бала 9 жылга эркинен ажыратылды

798

Ош облусунун Кара-Суу районунда кайненесинин чекесине санына жана колдоруна бычак сайган күйөө бала 9 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чечимди Кара-Суу райондук соту 30-апрелде чыгарган. Анда соттолуучу Р.И. Жазык кодексинин 130-беренеси «киши өлтүрүүгө аракеттенүү» менен күнөөлүү деп табылып, 9 жылга эркинен ажыратылды. Кара-Суу райондук сотунун өкүмү тараптар тарабынан даттанылган эмес жана бүгүнкү күндө мыйзам күчүндө.

Окуянын чоо-жайы:

Ушул жылдын 3-январь күнү Кара-Суу РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу Кара-Суу районунун тургуну денесинен бир нече жаракат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө 44 жаштагы аялдын үйүнө күйөө баласы келип, эч себепсиз анын чекесине, колдоруна жана санына өзү ала келген бычак менен бир нече жолу сайган. Анын кесепетинен аял денесинен оор жаракат алып, ооруканага түшкөн. Бул кылмышка шектелип Кара-Суу районунун 21 жаштагы тургуну кармалган.

Булак: Супер