Домой Коом Ошто ЕРЕМдин балдары атышты

Ошто ЕРЕМдин балдары атышты

393
Ошту бандиттер байырлап алган десе ишенбейсиңер. Мага жеткен маалыматка караганда кече Кара-Суунун Фуркат айылында атыш болуптур.

Ош шаардык спорт комитеттин төрагасы Кылыч Саркарбаев Ош бажысынын кызматкери, Раим Матраимовдун өкүл баласы Эмилбек Кимсановдун колунда жүргөн Төлөгөн Рахманберди уулун санга атып, окуя болгон жерден качып кеткенин өзүмдүн булактарым ырастап жатышат.

Ишти карап аткан Ош облустук милициясы эртеден бери телефон көтөрө элек.

Бул арада мурдарак Канжар Кадыралиев иштеткен саунанын күзөтчүлөрүн сабаган Бектолот Абдылда уулу кылмышты өзүнүн мойнуна алып жатат деген кабар келди.

Чынында эле Бекболот Абылда уулун Кылыч Саркарбаев машыктырып жүргөн эле. Азыр Төлөгөн Рахманберди уулу Ош облустук ооруканасында жатат деген маалымат бар.

Буга чейин маалымат каражаттарында Эмилбек Кимсанов менен Төлөгөн Рахманберди уулу эск министр Конгантиевдин уулунун башын жара чапкан деген маалымат тараган эле.

Ыдырыс Исаков

Булак: ruh.kg