Домой Кырсык Ошто 26 жаштагы кыз көпүрөдөн кулап каза тапты (видео)

Ошто 26 жаштагы кыз көпүрөдөн кулап каза тапты (видео)

206

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда 26 жаштагы кыз көпүрөдөн кулап кетип каза болду. Окуянын күбөлөрү видеону социалдык тармактарга жарыялашты.

Видеодон кыздын көпүрөдө турганын көрүүгө болот. Анын жанында бир жигит тизелеп турат. Көп өтпөй кыз туңгуюкка кулап түштү.

Ош ОИИББдан билдиришкендей, окуя 25-мартта болгон.

“Факт “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Окуя болгон жерге милиция барып, каза болгон кыздын өздүгүн такташты. Ал 26 жаштагы З.Т.Э. болуп чыкты. Белгисиз себептерден улам көпүрөдөн кулаган кыз Орусиянын жараны. Ал каза болоордон бир күн мурда Москвадан келген”, – деп билдиришти башкармалыктан.