Домой Коом Ош шаардык төрөт үйүндө 34 адамдан коронавирус табылды

Ош шаардык төрөт үйүндө 34 адамдан коронавирус табылды

26

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 28-майга карата Ош шаардык төрөт үйүндө 34 адамдан коронавирус табылган. Алардын ичинен 15 медицина кызматкери, 14 эне жана беш ымыркай вируска чалдыккан.

Маалыматка ылайык, шаардык төрөт үйүндө мурда да вирус жуккан учур катталып, төрөткана карантинге жабылган. Кийинчерээк ал жерге обсерватор ачылган.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев акыркы суткада Ош шаарында 35 адамдан коронавирус аныкталганын 28-майда брифингде кабарлаган. Жалпысынан Ош шаарында бул ооруга чалдыккандардын саны – 177 адам.