Домой Коом Ош шаардык кеңешинин жыйынында мыйзамсыз сатылды делген  25 гектар жер боюнча маселе...

Ош шаардык кеңешинин жыйынында мыйзамсыз сатылды делген  25 гектар жер боюнча маселе көтөрүлдү.

111

Ош шаардык кеңешинин бүгүн, 30-ноябрдагы жыйынында депутат Мирлан Аматбеков мыйзамсыз сатылды делген  25 гектар жер боюнча маселени көтөрдү.

Мэр Таалайбек Сарыбашов Жапалак айыл аймагынын Кең-Сай массивинде жайгашкан 25 гектар муниципалдык жер аянты боюнча комментарий берди. Ал мэрия жерди берүүдө эч кандай мыйзам бузууга барбаганын, эгер күнөөсү болсо мыйзам алдында жооп бере турганын айтты.

Ошондой эле берилген 25 гектар жерге «Кыргыз Текстиль ЛТД» ЖЧКсы кура турган ишкана менен жалпы Кыргызстан сыймыктана турганын кошумчалады.

«Эми азыр укук коргоо органдары карап жатат. Мыйзам чегинде, ким туура эмес иш кылса сөзсүз жооп берет. Ошол жерде биз бир коррупциялык ишке аралашкан болсок, баарыбыз жооп беришибиз керек. Мен мэр катары муниципалдык менчик башкармалыгы туура кадамга барды деп ойлойм. Кудай буюрса бир-эки жылдан кийин шаар жемишин көрө баштайт. Адамдар жумуш менен камсыз болот. Салык түшөт. Киреше, жер салыктары түшөт. Ал биз сыймыктана турган долбоор»,- деди Сарыбашов.

Буга чейин прокуратура Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимовдун токтому менен Жапалак айыл аймагынын Кең-Сай массивинде жайгашкан 25 гектар муниципалдык жер аянты 2 миллион 500 миң сомго бааланып, түз сатуу жолу менен 4-октябрда «Кыргыз Текстиль ЛТД» ЖЧКнун менчигине мыйзамсыз өткөрүлгөнүн аныктаганын билдирген.

Мекемеден билдиришкендей, жерге жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт 6-октябрда «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ош филиалы тарабынан берилген. Муну Ош шаардык прокуратурасы иликтеп көрүп, жер аянтынын нарктык базар баасы 72 миллион сомду түзөөрүн, ошондой эле 69 миллион 500 миң сомго аз көрсөтүлгөнүн аныктаган.

Мындан сырткары, бүгүнкү күнгө чейин Ош шаардык мэриясынын бюджетине түз сатып алууда көрсөтүлгөн 2 миллион 500 миң сом төлөнбөстөн туруп, мамлекеттик акты берилгендиги тастыкталган. Жыйынтыгында Ош мэриясынын жоопту кызматкерлери тарабынан мамлекетке өзгөчө ири суммадагы зыян келтирилген.

Факты кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестерине кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен катталып, тергөө амалдары башталган болчу.

булак: T-media