Домой Коом Ош шаардык кеӊештин төрөгасы Жапар Ормонов сабалды

Ош шаардык кеӊештин төрөгасы Жапар Ормонов сабалды

422

Бүгүн Ошто өтүп жаткан митинг учурунда Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов катуу сабалды. Ал чогулган элдин алдына чыгып сүйлөмөкчү болгондо, бир нече адам ага кол салган.

Топтошкон адамдар аны башка ургулап, бетин канжалаткан. Жапаровдун тарапташтары аны жеке үйлөрдүн бирине алып кирип, жашырып, качырып жиберишкен.

Ош шаарынын тургундарынын укугун коргобогондугуна эл нааразы болду. Алардын ою боюнча, калган чиновниктер да кетүүгө аргасыз болушат, анткени алар көптөн бери өзүм билемдик кылып келишкен.

Жапар Ормонов шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясынын талапкери болгон.

булак: eldik.media