Коомчулук “Ата Мекен” партиясы дегенде мародерчулукту, мародерчулук дегенде “Ата Мекен” партиясын элестетип калганы белгилүү. 2010-жылдын 7-апрелинде элибиз канкор бийликти кууп, кан жутуп турганда Бишкекти дал ушул партиянын ѳкүлдѳрү тоногону буга чейин далай жолу айтылды. Учурда Райкан Төлөгөнов баштаган бул партиянын өкүлдөрү дал ушул талап-тоноочулук боюнча жооп берүүдө. Кийинчерээк “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин “Мегаком” ишканасы боюнча да паракорчулугу ачыкка чыгып, учурда сот иши аяктап баратат.
Өмүрбек Текебаев Апрель окуясынан кийин 5 жыл бою парламенттеги көпчүлүк коалицияга кирип, министрликтерди устукандай бөлүштүрүп, мындай терс адатты ушул киши баштаган. Күч кызматтары, Мамлекеттик мүлк фонду сыяктуу мекемелерге “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрүн алып барып, алардын колу менен мародерчулук боюнча документтерди жок кылганы аз келгенсип, улуттук байлыктардын үстүнөн тон бычып, ири өлчөмдө пара алганы бүгүнкү күндө ачыкка чыгып отурат. Качан гана президенттин ишеничинен чыкканын билген Текебаев бийлик менен келишкис “душманга” айланды. Чындыкка дал келбеген далай билдирүүлөрү тастыкталбаганын уруп да ойнобой, ар кандай жалааларды өлкө жетекчилигине чаптай бергенин токтоткон жок. Көрсө “карт саясатчы” бийликтеги таасири азайып, кыңыр иштери ачыкка чыгып, иш козголо турганын билип туруп ушундай кадамга барген экен.
Ошентип Текебаев бийликке каршы чыгуу үчүн канкор президент Курманбек Бакиевге чейин чуркап барып, оппозицияны каржылоо үчүн дүйнө кыдырып акча издегенин чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты. Маселен, февралда түркиялык “Hedef Halk” басылмасы “Кыргызстандын оппозиция лидери Өмүрбек Текебаев өлкөнүн мурдагы президенти Курманбек Бакиев менен Кипрде жолугушту” деген куш тилиндей кабары көпчүлүктүн оозун ачырып, эң көп талкууланган маселеге айланды. Аталган басылма жолугушунун чындыгында болгонун бекемдеген. “Кыргызстандын оппозиция лидери Өмүрбек Текебаев өлкөнүн мурдагы президенти Курманбек Бакиев менен Кипрде жолугушту. Текебаевдин Бакиев менен жолугуу максаты өлкөдө ич ара тартип бузууларды жаратуу менен сентябрь айына пландалып жаткан президенттик шайлоого тоскоолдуктарды пайда кылуу экендиги белгилүү болду. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге тынымсыз карама-каршы иштерин жүргүзгөн Текебаев жолугушуу учурунда Бакиевден жогоруда белгиленген максаты алкагында каржылык колдоо сурады”, — деп жазган “Hedef Halk”.
Текебаевдин Кипрге барганын чек ара кызматынан да тастыкталып, өзү болсо унчукпай кутулган. Айрым маалымат каражаттары бул жолугушууну экс-депутат Садыр Жапаровдун уюштуруп бергенин жазып чыккан. Садыр мырза чет өлкөдө жүргөндө Кипрге тез-тез каттап, ал жакта бир уулу да билим алып жатканы айтылган.
Текебаев Кадыржан Батыров менен достошуп, июнь окуясынын тутанышына шарт түзгөнбү?
Текебаев менен сеператист Кадыржан Батыровдун жакын мамиледе болуп келгенин буга чейин көпчүлүк ММКлар жазды. Канкор Бакиевдер өлкөдөн качып кеткенден кийин Тейиттеги кыргыздын желегинин өрттөлүп, боз үйдүн талкаланышына да Текебаевдин ат көтөргүс салымы бар экени кабарланган. Кыргыздын желегин өрттөп, Бакиевдердин үйлөрүн талкалоо үчүн бараткан сеператист Кадыржан Батыров баштаган өзбек тектүү топтун арасында “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү, Текебаевдин бир тууган маркум иниси Асылбек Текебаев болгону буга чейинки видео-тасмаларда да тастыкталган. Ал эмес “Алиби” гезитине Жалал-Абад облусунун жашоочусу Төлөйкан Алимова да муну ырастап берген.“Мен Жалал-Абаддагы талап-тоноого өз көзүм менен күбө болгом. Бирок, ошол жердеги балдарды токтотууга аракет кылдым. Ал жерде Текебаевдин иниси Асылбек жана “Ата-Мекен” партиясынын Базар-Коргон районундагы өкүлдөрү болгон. Алар Кадыржан Батыров жана анын тарапташтары менен Жалал-Абадда үйлөрдү өрттөдү. Бакиевдин үйлөрүн талап-тоноду. Баарын талап бүткөндөн кийин из жашыруу үчүн өрттөдү”, — деген ал аталган басылмага берген маегинде.
Белгилүү укук коргоочу Азиза Абдурасулова кыргыздын желеги өрттөлүп жатканда бир катар укук коргоочулар менен Текебаевге жардам сурап киргенин, бирок андан оң жооп ала албай чыкканын буга чейин берген маегинде билдирген. “Текебаевге Төлөйкан Исмаилова, Турсунбек Акун болуп чуркап бардык. Ал Бектур Асановго, Асылбек Текебаевге чалса албады. Андан соң Кадыржан Батыровго чалып “Кадыржан ака, катуу кетпе” деп айткан”, — деген Абдурасулова маалымат каражаттарына берген маегинде. Ош окуясынын чыгышына дал ушул чыккынчылык негизиги себеп болгонун окуяны иликтеген бир катар комиссиялар тарабынан айтылган. Демек, Текебаев Ош окуясы үчүн даа жооп бериши керек.
Кадыржан Батыров да Текебаев менен мамилеси жакшы болгонун , керек болсо андан жардым сураганын акыркы жолу берген маегинде да билдирген. “Биз чогуу парламентте иштегенбиз. Мен депутат болсом, Текебаев спикер болуп турган. Текебаев өзү эле менден сураган жок, мага анын бир тууган иниси Асылбек Текебаев да келген. Ал биз менен университетте Улугбек Абдусаламов менен чогуу болуп сүйлөшүп, эл алдында сүйлөгөн. Бекназаров жана өкмөт чогулуп, атайын элге кайрылуу даярдап, К.Бакиев менен Ү.Сыдыковдун тарапташтары коркунуч жаратып жатканын айтып, колдоо сураган”, — дейт Батыров буга чейин берген маегинде.
Текебаевдин пара алганы да тастыкталды, эми канча жылга камалат?
Россиялык ишкер Леонид Маевский 2010-жылы Бишкекке 5 ирет келип, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана партиянын дагы бир мүчөсү Дүйшөн Чотоновго 1 млн. доллар акча бергенин айтып, бирок “ата мекенчилер” аны алдап кеткенин айтып чыккан.
Текебаевдин Бакиевдерден кайтарылган “Мегаком” ишканасын жең ичинен сатуу үчүн россиялык ишкерден пара алганынын бир топ күбөлөр тастыктап, анын көзүнө тике карап айтып берген. Анын үстүнө Өмүрбек Чиркешовичтин алгачкы көрсөтмөлөри менен азыркы айткандары дал келбей, убл иште паракорчулук болгону ачыкка чыгууда. Маселен, Текебаев алгачкы көрсөтмөсүндө Леонид Маевский деген адамды такыр тааныбай турганын айткан. Кийинчерээк алардын “Супарада” жолукканын Текебаевдин жакындары айтып жиберип, “бир эле жолуккам” деп чыккан. Ал эми бул паракорчулук иште ортомчулук милдетти аткарган Талант Маматкеримов менен Москвага учуп барып, ал жакта да Маевский менен жолугуп, анын унаасына олтуруп, чогуу чай ичкени белгилүү болду. Бул калпы ашкере болгондо Текебаев мырза үчүнчү ирет көрсөтмөсүн өзгөртүп, Маевский менен 3 эле жолу жолуккам деп жанын жеди.
Текебаевдин мындай шылуундугу учурда далилденип, сот иши аягына чыгып калды. Элдин атынан бийликке келип, карапайым калк берген мандатты кыянатчылык менен пайдаланып, Кыргызстанга өтө чоң кесепеттерди алып келген Текебаев катуу жазаланышы керек. Бул элдин талабы, көпчүлүктүн каалоосу.