Малды мыйзамсыз жолдор менен өткөрүү токтоду. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө эттин баасын көзөмөлдөөнү жөнгө салуу боюнча жыйында Ош облустук чек ара башкармалыгынын башчысы Илгиз Талипов билдирди.
Анын айтымында, буга чейин Кызыл-Кыя тарапта мыйзамсыз мал сатуу факты аныкталып, бирок иш бүгүнкү күндө толук көзөмөлдө. Учурда малды тирүүлөй экспорттоо токтогон.
Ошондой эле Түштүк-Батыш бажы кызматынын башчысынын орун басары Тимур Арапбаев Россиядан импорттолуп келчү малды да алып келүү токтотулганын кошумчалады.
булак: turmush.kg