Бул тууралуу брифингде ордо кааланын вице-мэри Азиз Алымкулов билдирди.
Анын айтымында, базарларда вирус жуктуруп алган адамдардын саны көбөйүүдө.
«Коронавирус инфекциясын жугузуп алган жарандардын көбөйүп жатканына байланыштуу, Шаардык санэпидкөзөмөл борборунун сунушу менен Орто-Сай базарынын иши 10 -июндан 13-июнга чейин дезинфекциялоо чаралары үчүн убактылуу токтотулду. Азыркы күндө Ош базарын дагы жабуу маселеси каралууда», — деди вице-мэр Азиз Алымкулов.
Ошондой эле, «Centre Bar» жана «LIVE BAR» караоке-барларынын, «Ыр Кесе» кафесинин, «BootCamp» компьютердик оюн клубунун иштери токтотулду.