Домой Ден-соолук Орусиянын Covid-19 вирусуна каршы вакцинасы “иммунитетке түрткү берди”

Орусиянын Covid-19 вирусуна каршы вакцинасы “иммунитетке түрткү берди”

221

Орусиянын окумуштуулары коронавируска каршы вакцинасы боюнча алгачкы баяндамасын жарыялады. Анда эмдөөдөн өткөн ыктырчылардын иммундук системасы антитулкуларды иштеп чыккан.

Абройлуу The Lancet медициналык журналына жарыяланган баяндамада, эмдөөдөн өткөн ар бир ыктыярчыда антитулку пайда болгону жана дарынын олуттуу кыйыр таасирлери жок болгону айтылат.

Орусия август айында вакцинаны каттоодон өткөргөн. Буга чейин бир дагы мамлекет вакцинасын расмий каттай элек болчу.

Эксперттер Орусия вакцинаны өтө тез чыгаруу үчүн лабораториялык сыноолордун айрым баскычтарын аттап өткөн деп айтып, вакцина канчалык натыйжалуу экенине күмөн санашкан. Москва соңку изилдөөнү жеңиш катары сыпаттап жатат.

Өткөн айда Орусиянын президенти Путин вакцина бардык текшерүү баскычтарын өткөнүн жана өзүнүн кызы дагы эмдөөдө өткөнүн билдирген.

Баяндамада эмне деп айтылат?

Июнь жана июль айларында Sputnik-V аттуу вакцина эки сыноодон өткөн. Ар бир сыноого ден-соолугу чың 38 ыктыярчы катышкан. Алар алгач эмдөөдөн өтүп, үч аптадан кийин кайрадан вакцинаны алган.

Ыктыярчылар 18 жаштан 60 жашка чейинки жарандар. Аларды дарыгерлер 42 күн бою көзөмөлгө алды. Үч аптанын ичинде ар бир ыктыярчынын иммундук системасы коронавирус менен күрөшкөн антитулкуларды иштеп чыккан. Кыйыр таасир катары баш жана булчуңдары ооруган ыктыярчылар болгон.

Сыноодо плацебо тобу жок болду, башкача айтканда ар бир ыктыярчы коронавируска каршы эмдөөдөн өтүп жатканын билген.

«Вакцина чынында эле коопсуз экенин билүү үчүн узак мөөнөткө созулган, плацебо тобу менен сыноолор жүргүзүлүшү керек»,-деп айтылат баяндамада.

Ошондой эле антитулку денеде канча мөөнөткө калары дагы деле белгисиз.

Үчүнчү баскычта коомдун ар түрдүү катмарынан кырк миң ыктыярчы эмдөөдөн өтмөкчү. Орусиянын вакцинасы сасык тумоого түркү болгон аденовирустун жаңыланган түрүн колдонот, иммундук система аны менен күрөшүү үчүн коронавируска туруштук берген антитулкуларды иштеп чыгат.

Москванын реакциясы

Орусиянын инвестиция фондунун башчысы Кирил Дмитриев The Lancet журналынын баяндамасы буга чейинки сын-пикирлер орунсуз болгонун көрсөттү деп айтты.

Анын айтымында, сыноонун эмдиги баскычына үч миң ыктыярчы эмитен эле табылган. Орусиянын саламаттыкты сактоо министри болсо өлкө ноябрь же декабрь айларында жапырт эмдөө жараянын баштайт деп белгиледи. Аярлуу топтор эмдөөдөн биринчи өтмөкчү.

Бирок эксперттер жапырт эмдөөгө дагы деле эрте экенин белгилешүүдө. Окумуштуулар алгачкы баскычтарда вакцина натыйжалуу экенин көрсөткөнүн, бирок лабораториялык сыноолорду улантуу маанилүү экени айтылат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна ылайык, учурда дүйнөдө коронавируска каршы 176 вакцина иштелип чыгууда. Алардын 34 адамга сыналууда жана сегизи сыноолордун акыркы же үчүнчү баскычына жетти.

Булак: bbc.com