Домой Дүйнөдө Орусияда уяттуу сүрөткө түшкөн тажик блогери 10 айга эркинен ажыратылды

Орусияда уяттуу сүрөткө түшкөн тажик блогери 10 айга эркинен ажыратылды

44

Москвадагы Василий Блаженский чиркөөсүнүн жанында
уяттуу сүрөткө түшкөн тажик блогери Руслан Бобиев жана анын сүйлөшкөн кызы Анастасия Чистова камакка алынды. Мындай чечимди 29-октябрда Москва шаарындагы Тверск райондук соту кабыл алганын орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Бобиев орус эли үчүн ыйык деп эсептелген храмдын жанында уяттуу абалда кыз менен сүрөткө түшкөн.

Буга соцтармактарда катуу нааразылык билдирилгенден кийин Бобиевге айып пул салуу менен өлкөдөн депортациялоо чечими чыккан. Бирок аппеляциялык сотто Бобиевди 10 айга камоо жана депортация кылуу чечими чыкты.

Руслан Бобиев жасаган ыплас аракети үчүн орус элинен ыйлап кечирим сураган.